• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сулайманов: Губернатор менен акимдерди жоюш керек. Алар чоңдорду тосуп узаткандан башка эмне иш кылышат?

2 Бирдин айы 2021 16:22 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү деген кызматты жоюуш керек. Мындай пикирин бүгүн, 2-февралда депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы айыл өкмөттөр менен ортомчулары жок түз иш алып барышы керек.

«Биз аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяладык. Бирок эч кандай алдыга жылуу болгон жок. Айыл өкмөттөргө мүмкүнчүлүк берүү керек. Губернаторлордун эмне кереги бар?  Акимдерди бүгүн болбосо дагы келечекте жоюш керек. 453 айыл өкмөттү 200гө кыскартып, премьер-министр алар менен түз иш алып барышы зарыл. Ортомчулардын эмне кереги бар? Губернатор менен акимдер лента кесип, чоңдорду тосуп узаткандан башка эмне иш кылышат?»-, деди Сулайманов.

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан талапкер Улукбек Марипов административдик реформа боюнча кээ бир кадамдарга барыш керектигин айтты.

Количество просмотров: 3632