• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сулайманов: Мамлекеттен каржыланган телеканалдарды сатуу боюнча ишти башташыбыз керек

30 Үчтүн айы 2019 15:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.01.2019. Govori.TV

Мамлекеттик телеканалдарды жоюу керек. Мындай пикирин парламенттин жыйынында “Бир бол” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов айтты. Анда ал мамлекеттик каналдарда эркин атаандашуу жок экенин, бөлүнгөн каражаттар акталбай жатканын белгиледи. Аларды жеке жактарга сатуу боюнча иш алып барууну баштоону сунуш кылды.

“Каналдын коомдук кеңешин же директорун шайлаган менен эч нерсе өзгөрбөй тургандыгына көзүбүз жетти. Келечекте 500 млн бөлүп отурбай, жеке жактарга сатып, атаандаштыкка эркин аянтча түзүшүбүз керек. Ошондо өнүгүү болот”, — деди Сулайманов.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш 30-январда КТРКнын коомдук кеңешинин мүчөсүн шайлайт. Ал эми бул мамлекеттик каналга жылына 485 млн сом бөлүнүп берилет.

Булак: “Марал” радиосу

Количество просмотров: 14