• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Султан Раевдин «Топон» аттуу китеби жарык көрдү

10 Баш оона 2018 19:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.08.2018.Govori.TV.
Белгилүү драматург, жазуучу Султан Раевдин «Топон» аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Раев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Менин «Топон» аттуу китебим «Турар» басмасынан жарык көрдү.Бул китепке «Кашаба» повести, «Топон» романы кирди. Былтыр «Топон» романым Швецияда Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүнөн конкурска катышкан 200дөн ашуун ири прозанын ( повесть, роман) арасында Гран-Прини жеңип алып, Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болгом. Эми бул китеп менин сүйүктүү окурмандарыма тартууланып олтурат»,- деди Раев.
Анын айтыманда, бул китеп англис, орус тилинде да жарык көрүп жатат. Жакынкы күндөрү орус тилинде Москвадан жарыкка чыгат.
Айтмакчы, китептин баш сөзүн философия илимдеринин кандидаты, белгилүү сынчы Калык Ибраимов жазды.
Количество просмотров: 85