• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Султанбеков эки партиялашынын чыры жөнүндө үн катты

9 Баш оона 2021 12:13 Бишкек Govori.TV

“Социал-демократтар” партиясы мушташа кеткени тууралуу видеосу интернетке тараган мүчөлөрүнө карата “эң катаал” чара көрөт. Бул тууралуу партия лидери Темирлан Султанбеков “Апрель” телеканалына билдирди.

Анын айтымында, бул партияга тийиштүү суроо эмес, бул алардын ортосундагы маселе.

«Экөө менен тең сүйлөштүм. Бул көрүнүш шаардык кеңештин депутаты үчүн уят экенин айттым. Бул маселе боюнча катаал чаралар көрүлөт деп ойлойм, мисалы, партиядан чыгаруу сыяктуу. Бул ишти укук коргоо органдары тергеп жатат, иликтөөнүн жыйынтыгына карата чечим чыгарылат»,-деп билдирген ал.

Эске салсак, 7-августта милицияга Ак-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринде А.К. аттуу жарандын бутуна ок тийгени тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна «Тез жардам» кызматы менен жеткирилген. Жабырлануучунун жубайынын айтымында, жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты телефон аркылуу уруша кетишкен. Көп өтпөй Т.Т. А.Кнын үйүнө келген. 10 мүнөттөн кийин ок атылган үндү угуп, сыртка чуркап чыкканда жолдошу жаракат алган абалда жерде жатканын көргөн. Бул арада Т.Т. унаасына отуруп, жогорку ылдамдыкта белгисиз тарапка кетип калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 8-августта Бишкек шаардык кеңешинин 38 жаштагы депутаты Т.Т. кармалган.

Количество просмотров: 743