• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сумаянын өлүмү: Шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

24 Бештин айы 2021 9:18 Бишкек Govori.TV

Сузакта 9 жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган жаранга психиатриялык экспертиза дайындалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 22-декабрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалган.

«У.А. аттуу жаран суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып иштин жагдайын көрсөткөн. Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад областтык ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 186-бер. (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А. аттуу жаранга карата 2021-жылдын 23-декабрында соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 125