• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сурабалдиева: депутат Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатабыз

27 Жетинин айы 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатабыз. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Чыңгыз Айдарбеков эч жакта жок, таба албай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыкпай жатат. УКМК үн катпай эле», — деп жазды ал.

Айдарбеков менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

УКМК расмий маалымат тарата элек.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 1532