• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Сурабалдиева сөз сүйлөп жатканда бир нече депутат жыйындан чыгып кетти

13 Тогуздун айы 202022:20 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаттары бүгүн, 13-октябрда резиденцияда кезексиз жыйынга чогулду. Ага жалпы 62 депутат келип катышты.

Күн тартибинде Бишкектеги өзгөчө абал киргизүү маселеси жана ЖК төрагасын шайлоо болду.

Анда депутат Элвира Сурабалдиева сүйлөп жатканда айрым эл өкүлдөрү биринин артынан бири жыйындар залынан чыгып кетишти.

Сурабалдиева 5-октябрда митингге чыккан жаштардын арасында жаракат алып, ооруканага кайрылгандар бар экенин айтышты. Алардын ичинде операцияга муктаждар бар экенин билдирди. Ошондуктан Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан аларга каражат бөлүп берүүнү суранды.

Чыгып кетип жаткан кесиптештерине нааразы болгон Сурабалдиева чындыкты уккусу келбегендер кетип жатат го деп кошумчалады өз сөзүндө.

Количество просмотров: 522