• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сурабалдиева Саламаттык сактоо министрлигин жана жергиликтүү бийликтерди сынга алды

2 Бештин айы 2020 17:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр гуманитардык жардам тууралуу отчет берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сындарды билдирди.

«Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчет берүү тапшырмасы берилген. Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар алынды, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес. Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет», — деди ал.

Эльвира Сурабалдиева отчеттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес деп сөзүн улантты.

«Бишкек шаарындагы поликлиникалардын врачтары жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дармектер медициналык мекемелерге багытталган? Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсызданган жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкер жактары тартиптик жоопкерчиликке тартылышат. Мындан тышкары, Тез жардам станциясы жабдылбагандыгынын себеби эмнеде? Менин пикиримде, анын себеби айлык акыга гана тийиштүү эмес. Мага белгилүү болгондой, жубайы Бишкек шаары боюнча түзүмдүк подразделениелерди башкарса, ал эми жолдошу Тез жардам станциясынын ишин координациялайт. Маалыматтарга ылайык, ошол эле учурда жолдошу жеке Тез жардам кызматын ачкан. Мында түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги байкалбайбы? Бишкек шаардык мэриясы кызыкчылыктардын кагылышуусу жана маселенин моралдык тарабын эске алуу менен кызматтык иликтөө жүргүзүүсү тийиш, — деди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу жактарына карата тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алынат.

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө социалдык-экономикалык тармак обьектилеринин ишин жандандыруу маселелери талкууланды. Адамдар массалык түрдө чогулган жайларда санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлгө алуу жана мониторингдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Количество просмотров: 276