• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сурабалдиева: Сот системасын жакшыртууга убакыт керек

30 Жалган куран 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

Сот системасын жакшыртууга убакыт керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө дагы сот реформасы акырындык менен өтөөсүнө жеткен.

«3 жыл мурун Американын Вашингтон шаарына болгон иш сапарда сенаторлор менен жолугушуп, пикир алмашуу болгон. Анда «биз 30 жылдан бери сот реформасын жасап, аягына чыга албай жатабыз. Сиздердин тарыхыңарда кандай болгон» деген суроо узаткам. Алар Америкада сот реформасы 100 жыл жүргөнүн айтышты. «Сот системасын 30 жылда түп тамыры менен өзгөртөм десеңер жаңылышасыздар, эл жана элита арасында түшүнүктөр өзгөрүшү керек» деген жооп кайтарышты. Менимче коом мамлекеттик системаны, парламентти, сот системасын акырындык менен тарбиялайт»,-деди Сурабалдиева.

Количество просмотров: 227