Сурабалдиева, Жапыкеев жок. Өкмөттүн жаңы курамы жарыяланды
Сурабалдиева, Жапыкеев жок. Өкмөттүн жаңы курамы жарыяланды
2 Бирдин айы 2021 9:12 Бишкек Govori.TV
Өкмөттүн жаңы курамы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Алдын ала маалыматка караганда, өкмөттө бир гана вице-премьер-министр калды.
Өкмөттүн жаңы курамында Октябрь окуяларынан кийин дайындалган вице-премьер министрлер Элвира Сурабалдиева, Максат Мамытканов, Равшан Сабиров, Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жок.
Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:
Биринчи вице-премьер — Артем Новиков;
Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
Юстиция министри — Асел Чыныбаева;
Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;
Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.