• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сурабалдиева: Жаш кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо сунушу элге жагынуу аракети

15 Кулжа 2022 15:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жаш кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо сунушу тууралуу пикирин айтты.

Анын айтымында, жаштар жакшы турмуштун айынан сыртка мигрант болуп чыгышкан жок.

«Мен Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештеги эл өкүлү катары сыйлайм. Бирок жаш кыздардын чет өлкөгө чыгышына чек коюу сунушун колдобойм. Анткени жалпы жарандардын укугун чектебеш керек. Мамлекет тарабынан билим алууга, жумуш менен камсыздоого 100 пайыз шарт түзүлсө анда башка маселе. Уулдарыбыз менен кыздарыбыз жакшы турмуштун айынан сыртка чыгышкан жок. Өткөн аптада чет өлкөгө барып, диаспора жетекчилери менен жолуктук. Анда кыздар тууралуу маселе көтөрүлгөн жок, тескерисинче Кыргызстандан Орусияга барган уулдарыбызды тарбиялоо суранычы айтылды. 18-20 жаштагы кыздарды сыртка чыгарбоо сунушуна каршымын. Бул популизм жана элге жагынуу аракети»,-деди Сурабалдиева.

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында аялдардын укугун коргоого байланыштуу акция өттү. Чогулгандар «Атазов, мандатыңды тапшыр!», «Кыздардын укугуна тийбе», «Биз сенин рейтингиң эмеспиз» деген ураандар менен чыгышып, депутат Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткандарына каршы болушкан. Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында 18-20 жаштагы кыргызстандык кыз-келиндерди чет өлкөгө ата-энеси менен чогуу чыгаруу, же турмушка чыккандан кийин чыгарууну сунуштаган.

Количество просмотров: 2364