• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сурамжылоо: Ысык-Көлгө кумарканалар ачылсынбы?

21 Чын куран 2021 15:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоору талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алынды.

Долбоорду 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди. Бирок үч-төрт депутат адашып «ооба» деп добуш берип алганын айтышты. Депутат Төрөбай Зулпукаров кесиптештерин бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Ал аталган мыйзам долбоорун мусулмандардын ыйык орозо айында кароо — диний ишенимди басмырлоо болорун белгилеп, кайрадан добуш берүүгө чакырды.

Мурдагы спикер, депутат Дастанбек Жумабеков Зулпукаровдун сунушуна каршы чыгып, Жогорку Кеңештин регламентин бузбоону суранды.

Бир катар депутаттардын талаш-тартышына карабай, мыйзам долбоорун кайра добушка коюу сунушу колдоо тапкан жок. Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын билдирди. Эми экичи жана үчүнчү окууга чыгарылат.

Бул маселе коомчулукта сын пикирлер айтылууда, бири буга макул десе, айрымда каршы экенин айтышууда.

Ал эми сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай? төмөнкү сурамжылоодрн өтүңүз!

Ысык-Көлгө кумарканалар ачылсынбы?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 764