• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сутка ичинде 244 адамдан коронавирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

18 Чын куран 2021 13:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус дагы 244 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 158, Чүй облусунда – 54, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 16, Талас облусунда – 5, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 134 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 98, Чүй облусунда – 23, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда — 5 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1227 бейтап, амбулатордук түрдө 1229 адам дарыланууда. 830 бейтаптын абалы орто оордукта, 319 адамдын абалы оор жана 48 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 354 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 269 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 883 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 907 киши айыгып чыкса, 1 миң 549 адам каза болду.

Количество просмотров: 87