• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду

27 Аяк оона 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирустан жалпы 2 602 адам каза болду.

Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып чыкса, 59 адамдан вирус жаңы аныкталды.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 491 бейтап, амбулатордук түрдө 834 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 317 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 912 киши айыгып чыккан.

Количество просмотров: 138