• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Суу чарба кызматы “Азаттык Медиага” чыккан маалымат боюнча министрликке даттанды

27 Аяк оона 2023 17:17 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынан “Азаттык Медиа” сайтынын платформаларынан «Өзбекстан Кемпирабад суу сактагычынан ичүүчү сууну сордурууга ниеттенүүдө», «Кытай Кемпирабад суу сактагычынан Өзбекстанга ичүүчү сууну жеткирүүнү каржылоого ниеттенүүдө» деген материалдарды тез арада алып салуу өтүнүчү менен кайрылуу түшкөн.

Маалыматта айтылгандай, арызда «бул материалдарда ишенимсиз маалыматтар бар» деген жүйө келтирилген.

«Тактап айтканда, “Азаттык медиасынын” материалдарында: “Буга чейин Кыргызстанга тиешелүү болгон Кемпирабад суу сактагычы 2022-жылы Өзбекстанга өткөн” дегени такыр чындыкка дал келбейт. Суу сактагычтын дамбасын 1965-жылы өзбек тарап куруп, 2022-жылга чейин толугу менен Өзбекстандын карамагында болгон. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашууга ылайык, 2022-жылдан бери тараптар суу сактагычты биргелешип башкарууда (50/50). Бул материалды 24 сааттын ичинде бардык аянтчалардан алып салуу зарылчылыгы тууралуу “Азаттык Медиа” редакциясына эскертилген», — деп жазылат.

Билдирүүдө, “Азаттык Медиа” сайтынын редакциясы аталган материалдарды министрликтин чечимин алганга чейин эле сайттын бардык платформаларынан өчүрүлгөнүн маалымдаганы кошумчаланган.

Теги:
Количество просмотров: 118