Бишкек.25.10.2018.Govori.TV.
«Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары ар кандай? 3 миңден 60 миң сомго чейин алышат. Жөнөкөй мамлекеттик ишмерлер 3-20 миң алса, элге кызмат кылгандар 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин алат. Бул элдин нааразычылыгын туудурат. Азыр бардыгына белгилүү: аэропортто, «Мегакомдо» айлык көп, Бажы кызматында айлык жок болсо дагы, коррупция бар. Өкмөт ушуларды тастыктап, айлыктарды теңдеп, маселеге көңүл бурсаңыз. Биз дагы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине тапшырма берип, ушул боюнча карап чыксак. Суу сактагычта жана суу тазалоочу объекттерде иштеп жаткандардын айлыктары 3 миңден 5 миң сомго чейин эле», — деди Сабиров.