Бүгүн апасы менен кызы селдин суусуна агып бараткан видео социалдык тармакка тарады. Алардын тагдыры азырынча белгисиз. Айрымдар кечээ сел агызып кеткен аял менен кыздын видеосу болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Фейзбук колдонуучулары «өлүм алдындагы жакын адамыңдын азабын көрүп, жардам бере албай калгандан өткөн азап жок, жүрөк ооруткан кадр экен» деген комментарийлерди жазышууда.