Август айында сууга чөгүп кеткен 5 киши табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
7-августта Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына түшүп кеткен жети жаштагы бала табылбай жатат. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, суучулдар жана жергиликтүү тургундар тартылды.
15-августта Аламүдүн районундагы Аламүдүн суусуна 26 жаштагы аял түшүп кетип, сөөгү табылбай жатат. Издөө иштерине 21 куткаруучу тартылды.
Свердлов районунда 15-августта Учкун кичи районунда Чоң Чүй каналына 13 жаштагы бала чөгүп кеткен. Издөө иштери уланууда.
16-августта Ленская көчөсүндө сөз болуп жаткан каналга эркек чөгүп кеткен. Анын тек-жайы такталып жатат. Азырынча сөөгү табыла элек.