• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Суукта Кундуз Жолдубаеваны беш жашар кызы күтүп турат

28 Бештин айы 2019 0:22 Бишкек Govori.TV

КСДП партиясынын башчысынын орун басары Кундуз Жолдубаевага барымтага алуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу жана бийликти басып алууну уюштуруу боюнча айып тагылганын адвокат Замир Жоошев билдирди.

Учурда сот анын баш коргоо чарасын карап жатат. Жолдубаеваны тарапташтары жана журналисттер колдогону келишкен. Биринчи Май райондун сотунун алдында беш жашар кызы да апасын күтүп турат. Канча саат суукта турганы жөнүндө маалымат жок, бирок тарапташтары 4 сааттан ашык соттун чечимин күтүп жаткандыгын айтышты.

Видеодо кызы жөтөлүп турат, бирок аны үйгө алып кетчү туугандары жок, анткени апасы менен жалгыз жашаганы тууралуу тарапташтары билдиришти.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин тарапташы камакка алынышы мүмкүн. Жолдубаева жалгыз беш жашар кызын тарбиялап келет.

Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алуу учурунда анын жанында болгон.

Количество просмотров: 2853