• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Суусамырдагы жол кырсыгында 5 адам каза болду

26 Бугу 2021 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкта 5 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Такталгандай, Чүй облусунун Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Тайота Камри» менен «МАН» оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын  кесепетинен «Тайота Камри» унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон.

Жерине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборун 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адм каза болгону кабарланган.

Количество просмотров: 309