• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сузак районунда 3 жашар бала ур-токмоктун кесепетинен чарчап калды

29 Үчтүн айы 2020 11:25 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 3 жашар бала ур-токмоктун кесепетинен чарчап калды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-январда Октябрь айылдык ооруканасына денесинде көк ала тактары бар баланын сөөгүн жеткиришкен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча каттоого алынды.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Алдын ала маалыматка ылайык, чарчап калган баланын атасы Орусияда иштейт. Ал эми апасы 2019-жылы көз жумганы айтылууда. Баланын өлүмүнө шектүү делип аны багып жүргөн жеңеси Д.А. сурак берип жатат.

Булак: 24.kg.

Количество просмотров: 171