Сузак милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак РИИБге 40 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 17-октябрь күнү Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолунун боюнда 32 жаштагы бир тууган инисинин жансыз денеси табылганын билдирген.
Бул окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1994-ж.т. К.И. жана Баткен районунун тургуну 1988-ж.т. А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.