• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузакта адам уурдап, акча талап кылгандар кармалды

18 Баш оона 202311:27 Бишкек Govori.TV

Сузакта адамды тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 8-августуна караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар сабап, күч колдонуп автоунаага салуу менен 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 13-августка чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагына караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, ур-токмокко алышкандыктарын билдирген.

Аталган маалымат 2023-жылдын 16-август күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, 2023-жылдын 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 206-берененин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр кармалды. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А.. Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 140