• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сузакта аялын сабаган адам камактан чыгып, эки жыл пробациялык көзөмөлгө алынды

2 Теке 2020 11:19 Бишкек Govori.TV

Сузактагы аялын кордогон киши күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Акыйкат» укук коргоо уюму маалымдады.

Белгилүү болгондой, сот айыпталуучуну эки жылга пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарган. Ал сот залында камактан бошотулду.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда күйөөсү аялынын эки колун таңып, дөңгөлөк байлап, жаакка чаап, башынын ылдый суу куюп сабаган видеосу тараган. Аны менен катар бул көрүнүштү видеого тартууну буюрат. Соттун чечими менен ал 15 күнгө камакка алынган.

Кордолгон аял млиция бөлүмүнө арыз жазган, бирок көп өтпөй арызын кайтарып алган.

Булак: 24.кж

Количество просмотров: 174