Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинде акча каражаттарын мыйзамсыз эмгек акы катары чегерип келген фактысы аныкталган.
Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Барпы айыл өкмөтүндө жайгашкан “Э.” аталышындагы балдар бакчасынын мурунку жетекчиси Г.Б. өзүнүн кызмат абалынан пайдалынып, 2015-2021-жылдар аралыгында аталган балдар бакчасында эмгектенбеген бир нече адамдарга иштеди деп эмгек табелдерин толтуруп, жалпысынан 1 млн 170 миң 200 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чегерип келгендиги такталган.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.