• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сузакта киши колдуу болгон кыздын жакындары шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүүнү талап кылышты

22 Жетинин айы 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылында 21-ноябрда адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жергиликтүү тургунга каршы акция өттү. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалым болгондой, акцияга Базар-Коргон районунан барган 50гө чукул адам катышып, коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турган.

«Акциянын катышуучулары шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу башка жакка көчүп кетүүсүн, аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылып кылышты. Алар талаптарын аткарууну өтүнүп, маселеге коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн бурдуруу максатында Бишкек-Ош жолунун ошол айылдын тушундагы тилкесин тороо аракетин көрүштү. 5-10 мүнөттөн кийин жол кайра ачылды»,-деп жазылат маалыматта.

Окуя Ноокен районунда 8-ноябрда болгон. Милициянын маалыматына караганда, суу аккан сайдан 19 жаштагы кыздын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Кыз Базар-Коргон районунун тургуну болгону аныкталып, аны өлтүрүүгө шек саналган 58 жаштагы адам кармалган жана Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Окуяны иликтөөгө Жалал-Абад, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери тартылып, шектүү катары кармалган киши буга чейин зордуктоо жана башка иштер үчүн бир нече жолу соттолгону, 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Тергөө учурунда шектүү кылмыш жасаганын айтып, окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп бергени да айтылган.

Количество просмотров: 170