Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 10 баш бодо мал, 24 баш кой уурдаган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сузак РИИБне Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1980-ж.т. К.Р. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 14-ноябрга караган түнү короосунда байланып турган 2 баш уюн жана 2 баш торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген. Ынтымак айылынын 66 жаштагы тургуну К.К. да арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү короосундагы сарайында камалып турган жеринен 24 баш койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин айткан. Андан сырткары Сузак районунун Гулистан жана Жаңы-Арал айылынын тургундары да арызданышып, 2021-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын 5-январына чейинки аралыкта алардын бодо малдарын (4 баш уй жана 2 баш торпок) белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирип, аларга карата чара көрүп берүүнү суранган. Жалпысынан 10 баш бодо мал жана 24 баш кой уурдалып, жабырлануучуларга 600 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Сузак районунун 44 жаштагы тургуну Т.Д. жана Жалал-Абад шаарынын 19 жаштагы тургуну С.Т. кармалып, далил буюм катарында 2 баш торпок алынган. Шектүү 48 саатка Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок Сузак райондук соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, шектүүлөр үй камагына чыгарылган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иштер жана сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.