• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сузакта жарандан 2 миллион 700 миң акча карактаган кылмыштуу топ кармалды

12 Кулжа 2023 17:39 Бишкек Govori.TV

Сузакта ири суммадагы акча каражатын карактаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 31-май күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун сырттан тааныш болгон 30 жаштардагы жарандар “Биздин акчабызды алмаштырып бериӊизчи, акчаны үйдөн алып беребиз” – деп алдап, Сузак районунун аймагына алып барышып, мойнуна бычак такап коркутушуп 2 700 000 (эки миллион жети жүз миң) сом акчасын алышкан. “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаага отурушуп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Ресупбликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары 5 жаран Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан кармалышкан. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары 1996-ж.т. А.Н., 1997-ж.т. М.А., 1999-ж.т. С.А., 2001-ж.т. К.А. жана Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 2001-ж.т. А.Б. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 101