• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Светлана Назаренконун катышуусунда “Дарак ыры” киномюзиклинин бет ачары болот

28 Бирдин айы 2018 10:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.02.18.Govori.TV
Бүгүн 28-февралда Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган “Дарак ыры” киномюзиклинин бет ачары Бишкектеги “Манас” кинотеатрында болот. Аталган тасманы Кыргызстандын “Централ Азия Фильм” жана Орусиянын “Синетрейн” компаниялары чогуу тартышкан. Кинодастандын саундтрегин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, учурда Москвада жашап жаткан ырчы Жылдыз Осмоналиева жана бишкектик аткаруучу, «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко аткарышкан. Бул ырчылар кинонун премьерасына катышуу үчүн Москвадан учуп келишти.
Сценарийдин автору жана режиссеру — Айбек Дайырбеков. Ал эми мюзикл 1-марттан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
Количество просмотров: 9