• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Блогер «Sydyman» сурак берип жатат

17 Бирдин айы 2020 11:49 Бишкек Govori.TV

Региондор ортосундагы кастыкты козутту деп шектелген блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) Октябрь РИИБге жеткирилди.

Учурда Сыдыманов милиция бөлүмүндө экенин тастыкташты.

«Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча чакыртылган», — деп айтылат маалыматта.

313-берене. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу

Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен жасалса III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эске салсак, ал өзүнүн Инстаграм баракчасынын түз эфиринде Кыргызстандын кээ бир облустарынын тургундары жөнүндө терс пикирин айтканы тууралуу талкуу жаралып, жоопкерчиликке тартуу жөнундө сунуштар айтылган.

Количество просмотров: 216