«Чоң казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Маалым болгондой, жарлыкка 16-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, буга чейин финансы полицияны Бакир Таиров жетектеп келген.
Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ал 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бийликтен кетиши тууралуу билдирүү жасады.