• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сыймык Жапыкеев менен жолукканы келген адамдар жанжал чыгарышты

5 Жетинин айы 2020 19:56 Бишкек Govori.TV

Анткени, азыркы учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын жетекчилигине жолугушууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, Кызматтын административдик имаратынын жыйындар залында жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул тууралуу ЭККМКнын басма сөз кыматы билдирет.

Бул жолугушууга 100гө жакын адам катышты. Адамдар Финансы полициясынын төрагасы С.А.Жапыкеевге жардам сурап келишип, алар көйгөйлөрү менен бөлүшүп, айрым маселелер боюнча жардам берүүнү суранышышты. Ошондой эле Финансы полициясынын компетенциясына кирбеген, Кызмат эч кандай жол менен кийлигише албай турган маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле, насыянын мөөнөтүн жылдыруу, адам өлтүрүү фактыларынын бетин ачуу, жумушка орношууга жардам сураган жарандар болгон.

Жолугушуу чагымчылдарсыз болгон жок, өздөрүн тынч алып жүрбөгөн бир топ адамдар келип, башкалардын тынчтыкты сактоону сурангандарын угушпай, улуу муундун алдында уят сөздөрдү айтышты, түзмө-түз айтканда жаңжалдашууга аракет кылышты. Бул адамдар келгендерди түртүп, чагымчыл ураандарды кыйкырып, башкаларды коркутушкан.

Эскерте кетсек, ЭККМКга жарандарды кабыл алуу графикке ылайык жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 9067