Бүгүн, 1-августта болжол менен бир саат мурун Төө-Ашууда жол кырсык катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучу — Белоруссиянын жаранын күйүп жаткан унаадан жолдон өтүп бараткан Рамис Рыскулов балдары менен чогуу терезени сындырып алып чыгышты. Андан кийин ал айдоочунун документтери жана акчалары салынган барсеткасын алып чыкты.
Жабырлануучуну Талас районунун Чат-Базар айылындагы ооруканага алып кетишти.