• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Төө ашууда туннель куруу боюнча демилге каралып жатат

31 Теке 2020 14:20 Бишкек Govori.TV

Өкмөт Төө-Ашууга дагы бир тоннел курууну көздөп жатат, ал акы төлөнүүчү объект болот. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Бишкек–Ош автожолундагы бул ашууга акы төлөп өтүүчү тоннел куруу боюнча инвестициялык демилге талкууланган жыйын өткөрдү.

Жыйында азыркы тоннел автомашиналардын каттамын тейлеп жетишпей жатканы, ошондуктан жүк алып өтүү маселеси да чечилип, аба ырайынын каттал шартында коопсуздукту сактай алчу, жол бузулбай тургандай тоннел куруу каралып жатканы айтылды.

Баатырбеков: «Пандемиядан кийинки кризисти эске алганда бул долбоорду ишке ашыруу менен экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасир тиет жана товар ташуунун көбөйүшүн шарттайт. Ошондой эле ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот», — деп белгиледи.

Өкмөт долбоорду ишке ашырууну чет өлкөлүк инвесторлорго сунуш кылууда.

Бишкек-Ош жолу — республиканын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырып туруучу стратегиялык объект.

Чүй облусунда, аталган жолдун 129-132-чакырымында, деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашуудагы тоннелден бир күндө жеңил жана жүк ташуучу эки миңдей автомашина өтүп турат. Тоннел 1957-жылы курула баштап, 1964-жылы пайдаланууга берилген. Долбоор боюнча ал жер тонналаган жүгү бар машинелерди тейлөөгө ылайыкталган эмес. Акыркы жолу тоннел 1999-жылы реконструкция болгон.

Транспорт жана жолдор министрлиги жолдун 110-115-чакырымына дагы бир тоннел салыш үчүн 230-240 миллион долларга инвестор издеп жатканын 2019-жылы маалымадаган. Анын жалпы узундугу 11 миң метр болору айтылган.

Количество просмотров: 702