• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

«Төө-Ашууда» жол тыгыны жоюлду

22 Бирдин айы 20219:31 Бишкек Govori.TV

«Төө-Ашуу» ашуусундагы карлар тазаланып, унаалардын тыгыны жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн кардан улам Бишкек-Ош унаа жолунун 124-чакырымында («Төө-Ашуу» ашуусу) жол тайгак болуп, унаа тыгындары пайда болгон.

«Министрликтин ыкчам тобу унаа тыгындарын жоюуга тартылып, унаалардын каттамына ишке ашууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 175