Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

Бишкекте тамеки тартып турган жигит көтөрүп турган чакасына түкүрүнүп жаткан видео жергиликтүү маалымат каражаттарына чыккан.

видео sputnik.kg

Видеодон “Көрдүңөрбү, Бишкекте адамдар чака көтөрүнгөн жашоо болуп калыптыр”, — деген айдоочу, унаадагы жүргүнчүсүнө сыртта турган киши улам-улам колундагы чакасына түкүрүнгөнүн айтып берип жатканын угууга болот.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирди. Ага ылайы, коомдук жайга түкүргөн адам 5500 сом айыпка жыгылат.