Ысык-Көл облусундагы жаңы дайындалган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев, күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча мелдештердин катышуучусун жардамчы кылып кызматка алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу маалымдады.
Белгиленгендей, 2019-жылы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугуна ээ болгон Дастан Шаршеев Балбак Түлөбаевдин расмий түрдө жардамчысы болуп жумушка орношту.
«Урматту калайык, Дастан Шаршеев деген жигитти кызматчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын», — деп жазган ал.
Дастан Шаршеев 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган. Ал көп жылдар бою Россияда жашап, күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча жекеме-жеке мелдештерге катышкан. Профессионалдык кикбоксинг боюнча өткөн 26 мушташта 20 жеңишке жетишкен.