• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түлөбаев партиялар санитардык талаптарды аткарбаса БШКга кайрылат

25 Аяк оона 2020 14:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев шайлоого аттанган партияларга санитардык нормаларды сакталбаса БШКга кайрыла турганын айтты.

Ыкчам штабдын жыйынында Балбак Түлөбаев медиктерге коронавирустун күчөп кетпөөсү үчүн алдын ала иштерди жүргүзүп, түшүндүрүү иштерди кылууга чакырды.

Буга чейин облустук штабдын отурумунда 50 адамдан көп киши чогултуп, иш-чара өткөрүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынган.

Түлөбаевдин айтымында, санитардык талаптарды бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

«Партиялардын Ысык-Көлдөгү штабдарынын башчыларына элдин ден соолугуна залака тийгизбөөгө чакырам. Депутаттыкка аттанып жаткан талапкерлерге онлайн жолугушууларды өткөрүү кеңешин берем. Эгер санитардык талаптар бузулган учурлар катталса, арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылууга аргасыз болобуз», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин БШК партияларга үгүт иштерин онлайн жүргүзүү тууралуу сунуш келтирген. Деген менен партиялар эл чогултуп, санитардык талаптар сакталбастан жыйындарды өткөрүп жаткан чагы.

Количество просмотров: 44