• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Төлөйкөн айылында жана Ак-Буура каналынын жээгинде жайгашкан 13 эс алуу жайы тазаланды

19 Теке 202410:43 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери Ош шаарынын Төлөйкөн айылында Ак-буура каналынын жээгинде жайгашкан 13 эс алуу жайларын жана “Керемет-Балакай” балдар бакчасын залалсыздандыруу иштерин жүргүзүштү.

Жапалак айыл аймагына караштуу Төлөйкөн, Бодур Таш, Озгур, Кыргызстан айылдарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн жалпы 6 санитардык топ түзүлүп, 51 үй, короо, ажаатканалар залалсыздандырылды.

Эс алуучу жайлардан, ичүүчү таза суу түтүкчөлөрүнөн жана ачык көлмөлөрдүн сууларынан ошондой эле 21 баткактын үлгүлөрү алынып, лабораториялык жактан изилденди.

Аталган аймактардагы селден кийин калк арасында жугуштуу илдеттердин пайда болуусун алдын алуу үчүн залалсыздандыруу жана чалгындоо иштери улантылууда.

Андан сырткары үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери тарабынан селден жабыркаган 192 жаранга, анын ичинен 63 жаш балага, 24 кош бойлуу аялдарга медициналык жардамдар көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 153