Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында киши колдуу болуп каза болгон 26 жаштагы Айгерим Токобаеванын өлүмү боюнча сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29 жаштагы О.у.А. менен 32 жаштагы К.у.Ч.ны күнөөлүү деп табылып, сот 29 жаштагы айыпталуучуну 17 жылга, 32 жаштагы жаранды 15 жылга эркинен ажыратты.
Эске салсак, 2020-жылдын 26-сентябрында Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылынан 26 жаштагы кызды өз үйүнөн киши колдуу болуп каза тапкан.