Бишкекте уурулукка шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнен билдирди.
7-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын белгилешинче, саат 03:00-06:30 аралыгында белгисиз адамдар терезе аркылуу үйгө киришип, 85 миң сомун уурдап кетишкен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 27 жаштагы Н.А., 28 жаштагы Т.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы иликтенип жатат.