• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түндө түштүк тарапта эки ирет жер титирөө катталды

8 Чын куран 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

Түндө түштүк тарапта жер эки ирет титиреп, күчү кээ бир аймактарда 4 баллга жетти. Бул туурасында ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Биринчиси саат 02:18де болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жердин термелүүсү Аксы районунун Мундуз, Ак-Сай жана Сары-Кашка айылдарында катталган.

Ал эми экинчиси саат 03:51де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагындагы очогунда катталып, күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Количество просмотров: 286