• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түптө адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

14 Кулжа 2021 16:12 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында адам өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-июнь күнү Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдагы эски тегирмендин жанынан азият улутундагы эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Факты Түп райондук ИИБдин бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча катталган.

«Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, эркек кишинин кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Маркум 39 жаштагы Е.К. аттуу ошол эле айылдын тургуну экени маалым болгон. Кийинчерээк ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында негизги шектүү колго түшүрүлгөн. Ал дагы ошол эле айылдын тургуну 36 жаштагы Б.Н. аттуу адам болуп чыкты. Сурак учурунда шектүү көптөн берки таарынычынан улам кылмышка барганын айткан. Кийинчерээк ага жардам берген деген айып менен Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Колго түшүрүлгөн киши өлтүрүлгөн Е.К. аттуу адамды үйүнө чакырып бергенин айткан», — деп жазылат маалыматта.

Райондук соттун чечими менен кармалган шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1757