• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресстин» шайлоого эмнеге катышпай турганын айтты

30 Теке 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн кийин биз катышуу боюнча арызыбызды берген эмеспиз. Мындай кадам менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоого катышпай тургандыгын алдын ала билдирген элек. Бул тууралуу партиянын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбук баракчасына жазды.

«Эмне үчүн биз шайлоого катышпайбыз? Биринчи себеби өлкөдөгү пандемия болсо, экинчи себеби алдыдагы шайлоодо эл партиялар сунуштаган идея, программа үчүн, билим берүү, медицина, айыл-чарба, экономика тармагындагы реформалар үчүн добушун бербейт. Алардын көз карашы учурда башка багытка бурулуп калган. Бул шайлоодо аң сезим менен напсинин, калыстык менен кайдыгерликтин ортосунда кармаш болот. Мамлекеттин эртеңин ойлогон ар бир жаран мындан туура тандоо жасайт деп ишенем.

2012-жылы жана 2016-жылдардагы жергиликтүү кеңештерде, 2015-жылы Жогорку Кеңешке жана Президенттик шайлоого катыштык. Мындан кийинки шайлоолорго да активдүү катышарыбызды билдиребиз.
Биз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыкты, чыныгы лидер саясатчылар менен биригүүлөрдү жасадык. Мындай биригүүлөрдөн бир топ тажрыйба жыйналды.

Буга чейинки шайлоолордо биздин партия үчүн добушун берген, биз үчүн күйгөн баардык инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз.
Биз ар дайым Сиздерди уят кылбаганга аракет жасадык», — деп жазган ал.

Муну менен катар Төрөбаев «алдыда мамлекет, саясат, кадр маселеси, партиялар, шайлоого карата көз карашыбыз, мындан кийинки саясий кадамдарым, саткынчылык жана акыркы кездерде социалдык тармакта тарап жаткан фейк маалыматтар боюнча кеңири интервью жасайбыз», — деп сөзүн жыйынтыктаган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Төрөбаев шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанып жатканы тууралуу да маалыматтар тараган болчу.

Количество просмотров: 2444