Өткөн эс алуу күндөрүндө Кара-Суу районунуну Савай айылында масштабдуу ат оюндары өтүп, байгеге батир, лимузин, ондогон жылкылар жана төөлөр коюлган. Ат оюндары бизнесмен Каныбек Акаевдин үч баласынын сүнөт тоюнун бир бөлүгү болгон.
Жума күнү той ресторанда өтүп, ага депутат Искендер Матраимов, анын бир тууганы бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, «Өнүгүү-Прогресс» патиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, депутат жана президенттин кудасы Алиярбек Абжалиев, Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев, Ош шаардык кеңешинин спикери Жапарбек Ормонов жана бир топ аткаминерлер барган.
Тойдон кийинки күнү ат оюндары болду. Башталаар алдында катышуучуларга бата берилип, анда бата берип жаткан адам Кыргызстанга биринчи ирээт беш маал намаз окуган адам президент болгонун айтып, Сооронбай Жээнбековго ден соолук тилеп өттү.
Чоң байге коюп оюндарды өткөрдү делген ишкер Каныбек Акаев Кара-Суу районунуда туулган. 2002-жылдан бери бизнес менен алектенип келет. Учурда бир нече ишканалары бар, алардын бири Кара-Суу районунда ташты кайра иштетүү заводу. Новосибирск облусундагы көк-бөрү Федерациясынын негиздөөчүсү.
Булак: Кaktus.media