Депутат Бакыт Төрөбаев Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарууну тездетүүнү сунуштап, эгер ал иштебесе, жарым жылдан кийин кайра өзгөртөбүз деген пикирин айтты.
Ал кесиптештерин жаңы Конституцияга каршы тура бербей, президенттик башкаруу фомасын тандаган элди сыйлоого чакырды.
«Президенттик башкарууну тандаган 80 пайыз элди сыйлайлы да, же тура беребизби ушинтип? Эгерде туура эмес болсо, алты ай же бир жылдан кийин ошол Конституцияны кайра өзгөртөбүз. Эгер туура эмес иштесе, мына биз каршы чыгабыз», — деди депутат.