• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Төрага Атамбаевге кайрылды: «Кыргыз элин карызга батырган парламент эмес»

20 Жалган куран 2019 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.

Жогорку кеңештин төрагасы Дастан Джумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 17-мартта Аксы окуясын эскерүүдө бир катар саясий билдирүүлөрду жасап, анын ичинде ЖК депутаттарына да сөз тийгизгенин айтып Атамбаевге парламенттин жалпы жыйынында кайрылуу жасады.

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Кыргыз эли соңку 30 жылда түрдүү бийликти башынан өткөрдү. Сиз айтып жаткан үй бүлөлүк башкаруу 2002-жылы Аксыда кан төгүүгө себеп болгон. 2005-2010-жылдары элдик революцияларга алып келген. Бийликтеги бир беткейлик, кошоматчылык элибизди нааразычылыкка алып келген. Өлкөнү сиз жетектеген 2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта бир катар жакшы иштер жасалды, аны танбайбыз. Бирок ошол эле мезгилде терс көрүнүштөр болгону, ири коррупциялык иштерге жол берилгени, кыргыз элин карызга батырып, чоң долбоорлордун арты менен ондогон сиздин жан жөөкөрлөрүңүздүн байыганын, а түгүл бийликти узурпация кылуу аракети болгону тилекке каршы сиз башкаруудан кеткенден кийин билинип олтурат»,-деди төрага.

Дастан Джумабеков мыйзам алдын да баары бирдей жана күнөөсү далилденсе жоопко тартылаарын белгилеп өттү.

«Президенттиктен кеткениңизге карабастан сиздин шакирттериңиз өкмөттү, прокуратураны, күч органдарын, бажыны, борбор калааны чеңгелине бекем мыкчып турган эле. Сиздин таасириңиз парламентке да сезилип турган болчу. Бирок, ошого карабастан Жогорку Кеңештин сиз адаттагыдай булганыч сөздөр менен шыбаган депутаттары көз карандысыз комиссия түзүп бир эле объектиден 100 миллиондогон доллар уурдалгандыгын аныктап чыккан. Кыргыз элин карызга батырган парламент эмес, чет элден келген гранттарды, кредиттерди өөнөп жеген бул парламен эмес. Бийликти ашыкча пайдаланып, өзүнүн оппоненттерине ар түрдүү кылмыш ишин токуп, куугунтуктаган парламент эмес»,-деди Джумабеков.

Эске салсак, 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү боюнча митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентти орой сөз сынга алып, президент «Сооронбай Жээнбеков иниси Асылбек Жээнбековдун жетегинде калды» деп билдирген болчу.

Теги:
Количество просмотров: 35