• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Төрага Мамытов Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктады

23 Аяк оона 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата жалпы кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Улутубуздун башкы дөөлөттөрүнүн бири болгон мамлекеттик тилибиз – кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Бабаларыбыз басып өткөн жолунда далай кубаныч менен кайгыны өткөрсө да, тилин жоготпой, тили аркылуу салт-санаа, үрп-адатын сактап келген. Бул тил менен дүйнөдө теңдеши жок океандай “Манас” дастаны жаралып, Чыңгыз атабыз адамзатты аруулукка үндөгөн чыгармаларды жазган. Андыктан, кыргыз тилинин көз карандысыз Кыргыз мамлекетибиз үчүн мааниси өтө жогору.

Мындан 32 жыл мурун, дал ушул күнү андагы саясий-идеологиялык чакырыктардын басымына карабай мамлекеттик тил катары таанылган эне тилибиз өлкө тарыхын түп-тамырынан өзгөртүүгө өбөлгө болгон. Өз алдынчалуу, демократиялык багытты тандап алган эгемен Кыргызстандын кайра жаралуусуна шарт түзгөн. Алдыда да көп улуттун өкүлдөрү жашаган өлкөбүз үчүн Мамлекеттик тилибиз этностор аралык алакаларды арттыруу, эл ынтымагын, журт биримдигин бекемдөө, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо милдетин аткарууга тийиш. Бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн өлкөдө саясий эрк, жигердүү аракет жана тийиштүү мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.

Кымбаттуу мекендештер!

Тил – бир адамдын жашоодогу башкы артыкчылыгы гана эмес, бир улуттун башкы байлыгы. Айрыкча, ааламдашуу доорунда башка тилдерди да өздөштүрүү менен катар эне тилибизди жогорку деңгээлде билүүбүз өтө маанилүү. Андыктан, баарыбыз кыргыз тилин аздектеп, улуттун улуу тилин сактайлы. Дагы бир жолу сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, Ала-Тообузга тынчтык каалайм.

Количество просмотров: 69