Түркияданы 100 жылда бир келген кырсык- зилзала жүздөгөн имараттарды талкалап, миңдеген адамдын өмүрүн алды. Бирок, ичибиздеги биримдик, ынтымактын, көңүлдөрүбүздүн көпүрөсүн үзө алган жок.
Мындан улам коом катары жүрөгүбүз бирге соккон бул күндөрдө Түрк дүйнөсүнүн медиа уюмдары катары “Түркия, Түрк дүйнөсү — бир жүрөк” урааны менен чогулду.
«Кылым каргашасы» деп сыпатталган Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жардам чогултуу үчүн биргелешкен түз эфирге Кыргызстандагы улуттук телеканалдар да салым кошту.
2 саатка созулган түз эфир учурунда Түркияга акчалай жардамдарды чогултуу уланды. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн «Түркия – бир жүрөк» урааны астында өткөн кеңири масштабдагы телемарафондон 6 миллиард 106 миллион АКШ доллары чогулду.
Өнөктүктө түрк элинин белгилүү маданий ишмерлери, актер жана актрисалары ыктыярчы катары кызмат кылышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Финансы министрлиги 16-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 26 млн 300 миң 937 сом жана 13 млн 550 рубль түшкөнүн кабарлаган. Мындан сырткары өз алдынча да жардам чогултуулар уланууда.