• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түрк парламентинин депутаттары жыйында мушташа кетишти

17 Баш оона 202417:31 Бишкек Govori.TV

16-августта түрк парламентинин депутаттары оппозициячынын иши боюнча жыйында мушташа кетишти

Оппозициянын өтүнүчү менен чакырылган Түркия парламентинин кезексиз жыйынында кесиптеши Жан Аталайдын мандатынан ажыратылышына байланыштуу массалык мушташ чыкты. Жыйын үч жолу үзгүлтүккө учурап, кырдаалга Межлис спикери Нуман Куртулмуш кийлигишүүгө аргасыз болгонун жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Мушташ Аталайды мандатынан ажыратууну чечкендердин бардыгын абийирсиз деп атаган Түркиянын Жумушчу партиясынын депутаты Ахмет Ышык трибунада чыгып сүйлөп жатканда башталды. Оппозиция менен бийликтеги АК партиясынын депутаттары 25 мүнөткө жакын кармашты. Түрк парламентинин депутаттары оппозициячынын иши боюнча жыйында мушташа кетишти Бир нече адам оор жаракат алганын, тыныгуу маалында парламенттин кызматкерлери трибунада кандын изин аарчыды, ал жерде парламентарийлер маселени чечишкенин NTV каналы билдирди.

Укук коргоочу Жан Аталай 2013-жылы Стамбулдун Гези паркында өкмөткө каршы демонстрацияга катышканы үчүн 2022-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылы май айында РПТдан парламентке депутат болуп шайланган.

2023-жылдын октябрында Түркиянын Конституциялык соту Аталайды бошотуу чечимин чыгарган, бирок Жогорку Апелляциялык сот бул чечимди мыйзам бузуу деп тапкан. Өткөн жылдын декабрь айында Конституциялык сот Аталайдын шайлануу жана саясий ишмердүүлүк менен алектенүү конституциялык укугу бузулганын белгилеп, оппозициячыны бошотууну кайрадан талап кылган. Бирок 2024-жылдын январында парламент апелляциялык соттун өкүмүнүн негизинде аны депутаттык макамынан ажыраткан. Оппозиция бул чечимди баш мыйзамды одоно бузуу деп атады. телеканалынын маалыматына караганда, бир нече адам оор жаракат алган. Тыныгуу маалында парламенттин кызматкерлери трибунада кандын изин аарчыды, ал жерде парламентарийлер маселени чечишти.

Укук коргоочу Жан Аталай 2013-жылы Стамбулдун Гези паркында өкмөткө каршы демонстрацияга катышканы үчүн 2022-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылы май айында РПТдан парламентке депутат болуп шайланган.

Количество просмотров: 199